Новости

«PISA-2025   окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонунун эл-аралык программасы»  боюнча  «Окуу Керемет»  долбоорунун  тренери  Абылгазиева С.А. 9-февралда мектептин жалпы мугалимдер жааматына семинар өтүп берди . Семинардын максаты :  башталгыч  класстар менен 5-11 -класстарында   «Окуу Керемет»  долбоорунун стратегияларын  сабактарда   колдонуу  ,  жаңыча медотика менен  мугалимдерди тааныштыруу   болду.
10.02.2023 330
С 30.01.23 по 03.02.2023 года в КСОШ №1 им Ж.Садыкова прошла декада русского языка и литературы .Выставка стенгазет прошла среди 5-11 классов .Учительница 8-б класса Касенова И.Б провела открытый урок по теме «Однородные  члены предложения».  Цель декады  воспитывать интерес к изучению русского языка и литературы .Обогащать словарный запас учащихся, расширять кругозор .  В конце декады  […]
08.02.2023 232
02-февраль 2023-жылы Ж.Садыков атындагы Кемин №1 жалпы билим берүү орто мектебинде ИДН  кызматкерлери менен окуучулар маек курушту . Жолдо жүрүү эрежелери  жана азыркы убакытта жаштар арасында болуп жаткан  кырдаалдар туурасында  маалымат беришип, окуучулардын тартиптери жөнүндө маек болуп өттү.
08.02.2023 182
  31-январь 2023 -жылы Ж.Садыков атындагы  Кемин №1  жалпы билим берүү  орто мектебинде  ата-энелер жыйыны болуп өттү .Бул жыйында  мектеп  директору  А.Ж.Орозалиева  ата-энелерге  жарым жылдык  отчёт берди .
08.02.2023 82
Ж.Садыков атындагы Кемин №1 жалпы билим берүү орто мектебинде 07.02.2023-жылы «Ата -энелер  мектеби» программасы боюнча          8-в классынын класс жетекчиси Мендекова Г.С  «Үй-бүлөлүк баалук » темасында ата-энелер менен оюн сабак өтүлдү. Сабакта  ата -энелер менен балдардын  ортосундагы мамилени  бекемдөө максатында анкета жүргүзүлүп ,анализ берилди . Ата-энелер өздөрүнүн кемчилигин  сезишти жана сушунтамалар айтылды […]
08.02.2023 454
3-февраль күнү  2022-2023-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында Ж.Садыков атындагы Кемин  №1  жалпы    билим берүү орто  мектебинин   8-11- класстарынын уландары арасында «Тартип, тазалык, форма» темасы боюнча жыйында  сүйлөшүү  мектеп директору А.Ж.Орозалиева жана  тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары  Н.Б.Мамбетжанова, М.Т.Абдибековалар  тарабынан жүргүзүлдү.
03.02.2023 84
2023-жылдын 28-январында Ж. Садыков  атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде  «Илимий + ойлоп табуу=техника» аттуу Чүй облустук илимий- техникалык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Чүй облусундагы  «Алтын түйун» улуттук балдар  инженердик техникалык академиясынын филиалдарынын 10-13 жаштагы окуучулары катышышты. Ар бир окуучу өздөрүнүн ойлоп таап, жасап келген техникаларын көргөзүшүп, жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланышты.
30.01.2023 71
Дүйнөлүк  банк  тарабынан  каржыланып  жаткан  «Келечек  үчүн билим   берүү»  долбоорунун  алкагында республиканын  1200 жалпы  билим   берүү  мектептерине  жана  8  педагогикалык  колледждерине  компьютердик  каражаттарды  жана  эмеректерди  берүү  үчүн  иш-аракеттерди  аткаруу  боюнча  2022-жылдын  14-сентябрындагы  Кемин райондук   билим  берүү  бөлүмүнүн  № 315 буйругунун  негизинде жана жергиликтүү  башкаруу  органдары  менен биргеликте  3  тараптуу   келишимдин  негизинде Ж.Садыков атындагы  Кемин  № […]
27.01.2023 81
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  берилген буйруктун негизинде 2022-жылдын 13-майынан баштап Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан «Ата-энелер мектеби» программасы этап этабы менен киргизилип келе жатат. Ушул программанын алкагында биздин мектепте дагы «Бала ата-эненин берген тарбиясынын таасиринде өсөт» аттуу  семинар өткөрүлдү. Семинар […]
26.01.2023 76
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Театр жана кино актеру болууну кыялданган уландар жана кыздар үчүн  дүйнөдөгү эң мыкты театралдык окуу жайынын бирине -Москвадагы  ГИТИСке  тапшырууга  мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирип, каалоочулар үчүн  кастинг жарыялады. 2023-жылдын 24-январында Кемин районундагы таланттуу жаштарды тандоо (кастинг) өткөрүү үчүн  жолугушууга Кыргыз Республикасынын эл артисти  жана Москвадагы ГИТИСтин бүтүрүүчүсү Турусбек […]
24.01.2023 71
      Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2022-жылдын  30-августундагы   «2022-2027-жылдарга  улуттук наркты  сактоо  жана  өнүктүрүү  жөнүндө»  №303 Жарлыгын,  Кемин  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  2022-жылдын  9-сентябрындагы  № 264- тескемесин ишке  ашыруу  максатында, 2023-жылдын 21-январында  Ж.Садыков атындагы  Кемин № 1  жалпы   билим  берүү орто мектебинде   «Улуттук  нарк — улуттун  жүзү» аттуу   тарбия иштери  боюнча  райондук  семинар  өткөрүлдү.  Семинарга  Кемин  […]
24.01.2023 547
  Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу- методикалык  кабинетинин 2022-2023-окуу жылынын  жылдык планынын негизинде  Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде         2023-жылдын 19-20-январында Республикалык  олимпиаданын II этабы окуучулардын  райондук олимпиадасы     өткөрүлдү.  Олимпиада төмөндөгү сабактар боюнча болду:  Кыргыз тили жана адабияты(окутуу кыргыз тилинде), […]
23.01.2023 84
1 / 41234