«Бала ата-эненин берген тарбиясынын таасиринде өсөт»- семинары.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген буйруктун негизинде 2022-жылдын 13-майынан баштап Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан «Ата-энелер мектеби» программасы этап этабы менен киргизилип келе жатат. Ушул программанын алкагында биздин мектепте дагы «Бала ата-эненин берген тарбиясынын таасиринде өсөт» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Мамбетжанова Назира Бакыновнанын демилгеси менен уюштурулуп, 2023-жылдын 25-январында саат 13.30 да өтүп, 1-11-класстарынын ата-энелер комитетинин төрайымдары, төрагалары жана башка коноктор катышышты. «Ата энелер мектебинин ачылышы» Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, мектеп директору Орозалиева Айнура Жакшылыковна «Бала жакшы мамилеге, сүйүүгө муктаж»-деген темада доклад окуду. Андан соң башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурманбет кызы Кулуйпа «Балдардын сезимдерин сезе билүү» жана кыргыз тили жана адабияты мугалими Дуйшеева Салтанат Зарлыковна «Бала менен ата-эненин ортосундагы сүйүү» деген темада жаңы методика менен тарбия сабактарын өтүшүп, оюн ойнотушту. Ата -энелер оюндарга активдүү катышып беришти. Кийинки кадамда,келген коноктордон Чүй областы боюнча Г.Мадаминовдун окутуу-тарбиялоо усулдарын жайылтуу боюнча жооптуу координатору Сарбашова Динара Молдалиевна «Улуттун келечеги -энелердин колунда» — деген темада кызыктуу сабак өттү. Ата -энелер тарабынан 11-в классынын ата-энелер комитетинин төрайымы Соромбаева Гульзат Асанбековна «Балдар үчүн кымбат баалуу телефон, машина зарылбы же мээримдүү мамиле, тарбия зарылбы?»-деген темада доклад окуду. Кемин районунун билим берүү бөлүмүнүн адиси Керимакунова Майрам Асанказиевна сөз сүйлөп, тарбиялык сабактар эң жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. Семинарда өтүлгөн сабактар ата-энелерге чоң таасир берди деп ишенебиз.
Комментарии