Москва шаарындагы ГИТИСке тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Театр жана кино актеру болууну кыялданган уландар жана кыздар үчүн дүйнөдөгү эң мыкты театралдык окуу жайынын бирине -Москвадагы ГИТИСке тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирип, каалоочулар үчүн кастинг жарыялады. 2023-жылдын 24-январында Кемин районундагы таланттуу жаштарды тандоо (кастинг) өткөрүү үчүн жолугушууга Кыргыз Республикасынын эл артисти жана Москвадагы ГИТИСтин бүтүрүүчүсү Турусбек Жумалиев келди.
Комментарии