Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II этабы(райондук ) өткөрүлдү.
Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу- методикалык кабинетинин 2022-2023-окуу жылынын жылдык планынын негизинде Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде 2023-жылдын 19-20-январында Республикалык олимпиаданын II этабы окуучулардын райондук олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиада төмөндөгү сабактар боюнча болду: Кыргыз тили жана адабияты(окутуу кыргыз тилинде), кыргыз тили жана адабияты (окутуу орус тилинде),англис тили, физика, математика, биология, тарых, география, химия, информатика. Жалпысынан район боюнча 512 окуучу катышты. Олимпиаданын ачык жана таза өтүүсүн камсыз кылуу максатында көз карандысыз көзөмөлдөө комиссиясы түзүлдү. Комиссия өз милдеттерин так аткарып, олимпиада тынч өттү. Олимпиаданын жыйынтыгында биздин мектептин окуучулары төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту :
Орундары | сабактын аты | Окуучунун А.Ф.А |
1-орун | Орус тили | Чугункова А. Байзакова З. |
2-орун | Химия Физика Англис тили | Панфилова А. Аманова К. Косыцина В. |
3-орун | Биология Тарых | Омурбекова А. Сатышов О. |
Комментарии