Келечекти көздөй бир кадам.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында республиканын 1200 жалпы билим берүү мектептерине жана 8 педагогикалык колледждерине компьютердик каражаттарды жана эмеректерди берүү үчүн иш-аракеттерди аткаруу боюнча 2022-жылдын 14-сентябрындагы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн № 315 буйругунун негизинде жана жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте 3 тараптуу келишимдин негизинде Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебине эмеректер(компьютердик стол, отургучтар, процессордук тумба) жана компьютердик жабдуулар алынып келинди. 2022-жылдын 21-декабрында жалпы 21 даана компьютер, 6 даана проектор пульту менен, 1 даана мультифункционалдык принтер, 2 даана комутатор мектепке түшүрүлүп, 2023-жылдын 11-январында ОсОО «Хандикрафт» жана ТОО «Казинтерсервис» фирмасынын IT адистери тарабынан ТМБны (компьютердик стол, отургучтар, процессордун тумбасы ,компьютердик жабдуулар) кабыл алуу актысында белгиленген техникалык мүнөздөмөлөр боюнча кылдаттык түрдө текшерилип өткөрүлдү. Келген компьютерлер, эмеректер, проекторлор кабинеттерге орнотулуп, жооптуу катары предметтик мугалимдерге бекитилди. Балдардын жаркын келечеги үчүн аз да болсо шарт түзүлдү.
Комментарии