«Илимий+ойлоп табуу=техника» олимпиадасы
2023-жылдын 28-январында Ж. Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде «Илимий + ойлоп табуу=техника» аттуу Чүй облустук илимий- техникалык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Чүй облусундагы «Алтын түйун» улуттук балдар инженердик техникалык академиясынын филиалдарынын 10-13 жаштагы окуучулары катышышты. Ар бир окуучу өздөрүнүн ойлоп таап, жасап келген техникаларын көргөзүшүп, жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланышты.
Комментарии