Семинар — «Улуттук нарк — улуттун жүзү»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» №303 Жарлыгын, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 264- тескемесин ишке ашыруу максатында, 2023-жылдын 21-январында Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде «Улуттук нарк — улуттун жүзү» аттуу тарбия иштери боюнча райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Кемин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана социал-педагогдору катышышты. Семинардын программасы түзүлүп, программанын негизинде иш-чара өткөрүлдү. Семинарды Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Бедельбаева жакшы каалоолору менен ачып берди. Андан соң мектеп директору А.Ж.Орозалиева семинардын катышуучуларын куттуктады. «Улуттук нарк — улуттун жүзү» аттуу семинарда ачык сабактар жана пикир алмашууларды жүргүзүү үчүн өтүлүүчү тарбиялык сабактар мектеп мугалимдеринин классжетекчилери тарабынан кабинеттерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп өтүлдү.
Иш-чаранын аталышы | Жооптуулар | классы жана кабинети |
«Ден соолук өмүрдүн башаты» | Акматова А.Дж. | 4-В класс 5-кабинет |
«Дружба» | Исакова Г.Ж. | 4-А класс 7-кабинет |
«Жүрүм-турум маданияты» | Кемелбаева К.Н. | 7-В класс 4-кабинет |
«Гуманность» | Касенова И.Б. | 5-А класс 9-кабинет |
«Максаттарды пландаштыруу» | Мамбетжанова Н.Б. | 11-В класс 2-кабинет |
«Семейные ценности» | Усенова М.К. | 11-А класс 6-кабинет |
Мугалимдер өздөрүнүн жаңы методикалык алмашуу тажрыйбаларын колдонушуп, кызыктуу слайдтарды көрсөтүшүп, оюн ойнотушуп, сабактарын абдан жогорку деңгээлде өтүштү. Өтүлгөн сабактарга эң жогорку баа берилип, семинар жыйынтыкталды.
https://youtube.com/shorts/QRBV6tinvjo?feature=share
Комментарии