Орозалиева Айнура Жакшылыковна

Директор

А.Ж.Орозалиева 1974-жылы Нарын шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.  1996-жылы  Нарын шаарындагы Нарын   Педагогикалык   Училищасынын  «Дене тарбия»  бөлүмүн   артыкчылык  диплому  менен  аяктаган. 2021-жылы  С. Нааматов атындагы  Нарын Мамлекеттик  Университетинин  «Социалдык-экономикалык билим берүү» бөлүмүн аяктаган.  1996-жылдан баштап мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. 2018-2019-жылдары  Ж. Садыков атындагы Кемин №1 орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп  иштеген.  Эмгек  жолун  баштаганда эле өзүнүн  ийгиликтүү  иштерин көрсөтө алды.  Көптөгөн  мамлекеттик сыйлыктардын, Ардак грамоталардын ээси. Азыркы  убакта мектептин директору болуп эмгектенет. Мектептин  эркин келечеги үчүн, өркүндөп өсүшүнө  баардык аракетин жумшап келет. Эки уул, бир кыздын мээримдүү  энеси.