Кыргыз тилин өнүктүрүү
— Айткылачы , досторум,
Кыргыз тили кимге керек?
Улут тилин билели – деп,
Айткан сөзгө эмне себеп?
Кыргыз тили жашап турса,
Биз чыныгы улутпуз.
“Ата”, “Апа” деген сөздөр,
Бар үчүн биз улукпуз!
Дүйнөдөгү бардык элдин,
Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди сыйлаш үчүн,
Опол тоодой дили бар.
Кыргыз тили бизге керек,
Биз кыргыздын уулубуз.
Эне тилин сактай билген.
Жаңы доордун муунубуз!
Кыргыз тили- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Ар бир кыргыз жараны, эне тили болгон кыргыз тилин барктай билип, кыргыз тилинде эң жакшы сүйлөгөндү жана жазганды үйрөнүүгө милдеттүү. “ Тил жөнүндө ырлар” макаласы дал ушул максатта жазылган. Тилин баалап, барктап, сыйлай билген адам эч качан эч нерседен кем болбойт. 1989-жылдын 23-сентябрнан тартып мамлекетибизде эне тилибиз кыргыз тили жарыяланып, Мамлекеттик тил күнү деп белгиленген. Мына ошондон бери жыл сайын 23-сентябрда Кыргыз тил майрамы өткөрүлөт. Бул майрам Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде чакан линейка өткөрүү менен белгиленди. Линейкада Кыргыз тили жөнүндө чакан слайд көрсөтүлдү. Окуучулар кыргыз тили жөнүндө өздөрү даярдаган декламацияларын айтышып, кыргыз эл акындарынын ыр-саптарынан көркөм окушту. Комуздун коштоосунда кыргыз күүлөрү чертилди. 10 мүнөттүк линейкада окуучулар аз да болсо кыргыз тили жөнүндө маалыматтарды алышты.
Комментарии