Шакиров Саян Эрмекович

«Кемин райондук Балдар жана өспүрүмдөр борборунун «Роботехника»ийриминин окуучулары   2022-жылдын 11-октябрында Ош шаарында өткөн «Креативдүү технологиялардын кербени» Эл аралык фестивалына катышышты. Фестивалда өз эмгектерин көргөзүп, жакшы ийгиликтерге жетишип, биринчи орун алып, алтын медаль алып келишти жана сертификаттардын ээси болушту. Алардын ичинде биздин мектептин 7-классынын окуучусу Шакиров Саян  Эрмекович жана 6-классынын окуучусу  Мурзабекова Гулбарчын  бар. Биз бул окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз