Мугалимдерибизди майрамы менен куттуктайбыз!
Мугалим… кандай гана ардактуу сөз. Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, бул- мугалим. Мугалим сиңирген «билим пайдубалына» бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүндөй мамлекеттин тагдыры көз каранды.
Мугалим бул — кесиптердин сереси,
Мугалим бул — кесиптердин төрөсү.
Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай,
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү.
Урматтуу биздин эже-агайларыбыз. Баарыңыздарды 5-октябрь мугалимдер күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ар дайым маанайыңыздар ачык болсун. Биздин мектептин окуучуларынын куттуктоолорун төмөндөгү ссылка аркылуу көрсөңүздөр болот.
https://youtube.com/shorts/bzf0_rmwnhw?feature=share
Комментарии