Мектеп менен ата-эне биргеликте бала тарбиялайбыз.
2022-жылдын 12-сентябрында Ж.Садыков атыдагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектебинде «Мектеп менен ата-эне биргеликте бала тарбиялайбыз»-деген темада алгачкы жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кемин мамлекеттик администрациясынын жана ошондой эле Кемин мамлекеттик ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты. Чогулуш КР гимнинин коштоосу менен ачылып, мектеп директору А.Ж.Орозалиева кыскача даярдалган слайд көрсөтүү менен 2021-2022-окуу жылындагы аткарылган пландарынын отчету менен тааныштырды. Мектепте электрондук күндөлүк менен иштөө күчүнө кирди. Ошондой эле окуучулардын сырткы келбетине жана жүрүм -турумдарына токтолду. Андан сырткары мектеп кышкыга даяр экенин билдирди жана мектепте кандай көйгөйлөр бар экенин дагы белгилеп кетти. Андан соң келген конокторго сөз берилди. Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Б.Шопокова «эмне себептен китеп жетишпегендиги»- тууралуу ата-энелерге түшүндүрмө берди жана мектеп окуучуларына сабак учурунда уюлдук телефонду колдонууга болбой турганын эскертти. Ал эми ИДН бөлүмүнүн башчысы Э.Н.Джолдошбеков окуучулардын тарбиясы жөнүндө сөз кылып, ата-энелерди балдарды тарбиялоого жакшы көңүл буруусун суранды.Ошол эле учурда ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жооп берилди. Чогулуштун аягында класс жетекчилер өз ата-энелери менен бирге кабинеттерине киришип, өз алдынча улантышты. Мындай чогулуштардын болуп туруусу мектеп менен ата-энелердин тыгыз байланышта болуусуна шарт түзөт.
Комментарии