Аттестат жана күбөлүк тапшыруу аземинен кыскача баян.
Баардык мектептерде бүтүрүүчүлөргө аттестат жана күбөлүктөрдү тапшыруу кунү белгиленди. 5-июль күнү 9-класстарынын күбөлүктөрү жана 7-июль күнү 11-класстарынын аттестаттары тапшырылды. Баардык бүтүрүүчүлөр эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Алардын арасынан 9-класстардан 3 окуучу артыкчылык күбөлүгү менен аяктады. 11-класстардан А. Джумагазиева -185 балл, С. Аскарбекова-181 балл, К. Арстанова-164 балл менен эң алдыңкы балл алгандардын катарын толукташты.
Бүтүрүүчүлөрдүн мектеп ичиндеги акыркы жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечени мектеп директору А.Ж.Орозалиева өзүнүн жакшы каалоо-тилектери менен ачып берди . Мектеп администрациясы тарабынан даярдалган сценарий менен кызыктуу кече өткөрүлүп, көптөн күткөн күбөлүктөрү колдоруна тапшырылды. Андан тышкары жетишкендиктерине жараша ар- кандай ыраазычылык жана артыкчылык граммоталарын ыйгарышты. Кече ыр -күүлөр менен уланды. Бүтүрүүчүлөр толкунданып, бирде ыйлап, бирде күлүп, мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын билдиришти. Ата-энелер тарабынан дагы жакшы каалооолор айтылып, балдарды куттукташты. Бүтүрүүчү класстардын атайын даярдаган слайд шоусу көрсөтүлдү. Бүтүрүүчүлөрдүн акыркы бийи менен кече аяктады. Ушул күндөн тарта ар бир окуучунун өз алдынча жашоо турмуштары башталды десек дагы жаңылышпайбыз. Мындан аркы жолуңар байсалдуу болсун- биздин бүтүрүүчүлөр!!!
Комментарии