1-сентябрь. Билим күнү!
Көз ачып -жумганча жайкы каникул аяктап, кайрадан окуу жылы башталды. Бүгүн баардык мектептердин эшиги ачылып, КР гимни жаңырып, окуучуларды кучак жайып тосуп алышты. Алардын катарын Ж. Садыков атындагы Кемин №1 орто мектеби дагы толуктады. Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрь жаңы окуу жылы — жаңы «Устав» менен башталууда. «Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин 19.02.2021-ж № 3-21-29 токтому жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн 15.01.2021-ж № 21 буйругу» менен 2022-жылдын 17-августунда мектептин Уставы өзгөртүлүп, мындан ары «Жалил Садыков атындагы Кемин № 1 жалпы билим берүү орто мектеби» болуп аталды. Бүгүн 1-сентябрга арналган чакан линейка өткөрүлдү. Колдоруна гүл көтөргөн кичинекей бөбөктөрүбүз мектеп босогосун аттап, толкунданып турушту. Мектеп директору окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады. Андан соң конокторго сөз берилди. Мугалимдер дагы өз кезеги менен каалоо-тилектерин айтышты. Окуучулар даярдаган декламацияларын айтышып, бийлерин бийлешти. Андан соң биринчи коңгуроо кагылып, мугалимдер өз класстарын ээрчитип, кабинеттерине киришти. Бул окуу жылы дагы жакшы ийгиликтер менен коштолот деген үмүттөбүз.
Комментарии