1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнү!
«Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эн биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү.
Эл аралык балдар күнүнүн атайын өзүнүн желеги бар. Өсүүнү, жаңыланууну жана жемиштүүлүктү символдоштурган жашыл фондогу жер шаарынын тегерегинде стилдештирилген кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган. Бул адамдын фигуралары ар түрдүүлүктү жана чыдамдуулукту символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шаары- бул биздин жалпы үйүбүздүн символу. Бүгүнкү күндө балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп,жогорку деңгээлде белгиленип, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелер тарабынан бул күнү балдарга майрамдык иш- чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, таалим- тарбиялуу кинолор жана мультфилмдер көрсөтүлүп, кичинекей биздин келечектин ээлери үчүн чакан концерттер коюлат. Ата-энелер тарабынан болсо бул жакшынакай жаркын, жөнөкөй, көздөрүнөн тазалыктын жана тунуктуктун нуру тамган балдардын күнүндө колдорунан келишинче көңүлдөрүн көтөрүп, жок дегенде кичинекей белек тартуулоого аракет кылышат. Жалпысынан 1-июнь бул балдарды жаркын келечекке алып барууга аракет кылуучу майрам деп койсок да болот , анткени бул майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан кичинекей муунду туура тарбиялап, жат көрүнүштөрдөн алыс кылып, жардамга муктаж болгон өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү күнү. Бүгүнкү өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаралардан жана балдардын жакшы маанайынан бир элес кийинки сүрөттөрдө камтылат.
Комментарии